Кыргызстанга Түркмөнстандан электр энергиясы жеткирилип баштады. Транзит Өзбекстан аркылуу ишке ашып жатат. Маалыматка ылайык, Түркмөнстандан алынып жаткан электр энергиясынын баасы 2 сомдун тегерегинде.
Керектөөчүлөр үчүн коюлуучу нарк азырынча белгисиз. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам, Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда.
5-ноябрдан тартып “Түндүкэлектр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизди.