Бишкекте жер тилкелерди мыйзамдаштыруу иштери уланууда

Бишкекте жер тилкелерди мыйзамдаштыруу иштери уланууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, 1 миңге жакын арыз кабыл алынып,

300 техникалык паспорт даярдалды. Калгандары кароодо. Эске салсак,

техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан

тартып иштеп баштады. Көчмө бригадалар турак жай курулган жер

тилкелерине изилдөө жүргүзөт, андан кийин техникалык паспорт даярдалат.

Бул документ кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды

гана камтыйт. Ал жер тилкелерин мыйзамдаштыруу

көйгөйүн чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири.