Нарында эртең менен жер титиреди

Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун билдиргенине караганда, жер саат 07:59да силкинген.
«Нарын районунун Куланак айылында жер титирөө 3,5 балл, Достук, Учкун айылдарында 3 балл, Ак-Булак айылында 2,5 баллга чейин сезилген», — деп айтылат маалыматта.
Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.