Быйыл Балыкчы шаарынын жолун оңдоого 105 миллион сом багытталды.
Калаанын вице-мэри Азиз Асаналиев билдиргендей, кеп, Төлөмүш Океев
көчөсү тууралуу болуп жатат. Жалыпысынын тилкенин 5 чакырымын
калыбына келтирүү пландалган. Учурда иштер 90 пайызга же 4 чакырымында
аткарылды. Жол менен бирге тротуарт да түшүрүлдү. Иштердин чыгымы
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.