Кыргызстанда жаш балдарга берилчү паспорттун жарактуу мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда жаш балдарга берилчү паспорттун жарактуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, эми 1 жашка чейинки балдардын өздүк документи 2 жылга берилсе, 1ден 16 жашка чейинки балдардын паспорттору 5 жыл жарактуу болот.

 

Эске салсак, буга чейин 16 жашка чейинкилердин өздүк документи 3 жылга гана берилип келчи.