Кадамжай районунун Таш-Коргон айылында жаңы медициналык мекеме пайда болду.
Райондук администрациядан билдиришкендей, фельдшердик акушердик түйүндүн
курулушу толук аяктады, жакынкы аралыкта ал керектүү жабдуулар менен камсыздалат.
ФАПтын ишке кириши менен аймактын 700 үй-бүлөгө медициналык жардам көрсөтүүгө
мүмкүнчүлүк түзүлөт. Курулуш иштерине 8 миллион сом жумшалды. Каражат
чет элдик донор жана жергиликтүү бийлик тарабынан берилди