Төө-Ашууга жана Боом капчыгайына кар жаап, жолдор тайгак болот.
Синоптиктердин айтымында, туруксуз аба-ырайы бүгүн жана эртең сакталат. Бишкек-Ош жана Бишкек-Торугарт унаа жолдору менен сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап жүрүү сунушталат.
Андан тышкары, жайкы дөңгөлөктөрдү сөзсүз түрдө кышкыга алмаштыруу керек.