Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына 1 миң 81 техпаспорт берилди

Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына 1 миң 81 техпаспорт берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Арыздар Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан түшкөн.

 

Эске салсак, техпаспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган. Алар өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң документ даярдашат.