Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан улам 7 конуш электр жарыгы жок калды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан улам 7 конуш электр жарыгы жок калды. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз конуштарында жалпысынан 1 миң 402 абоненттин электр жарыгы өчүрүлдү.

 

Буга аймактагы ок атуунун кесепетинен Самаркандек көмөк чордонунун линиясы бузулганы себеп болду.

 

Чек арадагы абал жөнгө салынмайынча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес, — дешти ведомстводон.