Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлиги Көк-Таш айылындагы ок атышуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси «тынчтыкка каршы кылмыштар» менен иш козгоп, тергөө башталганын билдирди.   Ошондой эле жараат алган жарандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам… Кененирээк…

Кыргызстанга 5G технологиясы киргизилет

Кыргызстандын министрлер кабинети быйыл өлкөдө жогорку ылдамдыктагы 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландап жатат. Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган. Бул тапшырманы аткаруу жоопкерчилиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2022-жылдын биринчи кварталынан 2023-жылдын төртүнчү… Кененирээк…

Баткен менен Согд облусунун жетекчилери жолугат

Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев билдирди. Жолугушуу баштапкы маалыматка ылайык, 28-январда эки өлкөнүн чек арасындагы Достук айылында өтөт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматы 28-январь, эртең мененки саат 08:00гө карата чек арадагы абалды туруктуу деп… Кененирээк…

Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ички иштер министрлиги аймактагы өздүк курамды жана ИИМдин Ички аскерлеринин облус аймагындагы коомдук тартипти камсыздоого милдеттендирди.   Азыркы учурда аймакта абал туруктуу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы  кырдаалга байланыштуу 1 миң 500дөй жергиликтүү тургун эвакуацияланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы  кырдаалга байланыштуу 1 миң 500дөй жергиликтүү тургун эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалым болгондой, алардын 1 миң 200ү туугандарынын жана жакындарынын үйүнө, калгандары Баткен шаарына, Маргун, Рават айылдарына жайгаштырылды.   Убактылуу жайларга 270 адам жеткирилди. Эвакуациялангандар тийиштүү азык-түлүк менен камсыз болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө.… Кененирээк…

Баткенде жарыксыз калган 7 айылга “Ошэлектро” ишканасы тиешелүү органдардан уруксат алаары менен электр жарыгын калыбына келтирет

Баткенде жарыксыз калган 7 айылга “Ошэлектро” ишканасы тиешелүү органдардан уруксат алаары менен электр жарыгын калыбына келтирет. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, оңдоо бригадалары кырдаалды жөнгө салууга даяр жана бул үчүн бардык керектүү ресурстар бар.   Эске салсак, Тажикстан менен чек арадагы жаңжал учурунда Аксай, Актатыр, Жаңы-Бак, Көк-Таш,… Кененирээк…

Талас шаарындагы 60 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулат

Талас шаарындагы 60 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулат. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул үчүн мэриядан эки гектар жер бөлүндү. Социалдык шаарчада бала-бакча, балдар үчүн аянтча, ФАП болот.   Аны гранттык негизде фонддордун бири каржылайт. Бирок курулушка канча каражат сарпталары азырынча белгисиз. Белгилеп кетсек, шаарчага жайгаштырыла турган үй-бүлөлөр кылдат… Кененирээк…

Улуттук банк тарыхтагы рекорддук интервенция жасады

Улуттук банк тарыхтагы рекорддук интервенция жасады. Мекеме кечээ валюта рыногуна 86 миллион доллар сатты. Бул быйылкы жылдагы экинчи интервенция, айдын башында 70 миллион доллар сатылган.   Эске салсак, өткөн жылы банк  15 интервенция жасап, валюта рыногуна жалпысынан 698 миллион 950 миң доллар саткан.

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү боюнча арыздарды кабыл алуу аяктады

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү боюнча арыздарды кабыл алуу аяктады. Боршайкомдон билдиришкендей, документтерин тапшырган 72 талапкердин ичинен 26сы расмий катталды. Маалым болгондой, кабыл алуунун акыркы күнүндө 12 адамдан билдирүү түштү.   Эске салсак,   № 27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов шайлоо округдарына… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана «Головной» аймактарында түн тынч өттү.   Кечээ Баткендеги Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду жабууга аракет кылып, абал сүйлөшүүлөрдөн соң жөнгө салынган. Бирок бир аздан кийин тажик тараптан Чыр-Дөбөдө ок… Кененирээк…