Баткенде чек арага жакын аймактардын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланды

Баткенде чек арага жакын аймактардын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланды.

 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына көчүрүлдү. Алар мектептерге жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыздалды.

 

Эске салсак, кечээ кечки саат 6да Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана жолун бир тараптуу жаап салган. Андан кийин абал курчуп, коңшу өлкөнүн аскерлери ок атып, миномет жана гранатометтор колдонулган.