Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 7ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 7ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, алардын абалы орто оор, тиешелүү дарылоо жүрүп жатат.

 

Эске салсак, кечээ кечки саат 6да Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана жолун бир тараптуу жаап салган.

 

Андан кийин абал курчуп, коңшу өлкөнүн аскерлери ок атып, миномет жана гранатометтор колдонулган.