Кайра өтө турган шайлоого мекемеден тышкары добуш берүүгө 1 миң 253 билдирме түштү

Кайра өтө турган шайлоого мекемеден тышкары добуш берүүгө 1 миң 253 билдирме түштү. БШКнын маалыматына ылайык, ага ооруканада жаткан бейтаптар, камактагылар, үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле аскерге милдеттүүлөр жана аскер бөлүктөрүндө жашагандар катыша алат. Эске салсак, мекемеден тышкары добуш берүү эртең өтөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги америкада өндүлгөн коронавируска каршы «Johnson & Johnson» вакцинасын сатып алуу ниетинде

Саламаттыкты сактоо министрлиги америкада өндүлгөн коронавируска каршы «Johnson & Johnson» вакцинасын сатып алуу ниетинде. Бул тууралуу республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, быйыл ошондой эле «Moderna» препаратынын 100 миңден ашык дозасы келиши күтүлүүдө. Эске салсак, акыркы айларда Кыргызстанга бир катар вакцина келди.… Кененирээк…

Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесин карап жатат

Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесин карап жатат. Эске салсак, аталган өлкөнүн аймагына өзгөчө абал режими киргизилди. Ошондой эле аба жолдору дагы жабык. Ведомствонун маалыматына ылайык, Украинада 1 миң 357 биздин мекендеш бар, алардын 680и элчиликтин консулук каттоосунда турат. Учурда консулдук кызматтын чалуу-борборуна 300… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортуна бара турган жолдо стелла пайда болот

“Манас” эл аралык аэропортуна бара турган жолдо стелла пайда болот. Турмуш басылмасы билдиргендей, учурда бул боюнча долбоор сунушталууда. Стелла үчүн Дача-Су айынын тушунда орун бар. Ага болжол менен 10 миллион сом керектелет. Негизги курулуштан тышкары анын айланасын көрктөндүрүп, унаа токтотуу жайын салуу пландалууда.

Кыргызстанда 12 жеке менчик университет мындан ары дарыгерлерди окута албайт

Кыргызстанда 12 жеке менчик университет мындан ары дарыгерлерди окута албайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуу жайлардын №6-формасы белгиленген стандартка жооп бербегендиктен жокко чыгарылды. Ведомстводон белгилешкендей, атайын түзүлгөн комиссия марттын ортосуна чейин дагы 5 окуу жайдын клиникалык базаларын текшерет. Жок болсо алардын… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөп баштады

Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөп баштады. Бул тууралуу өлкөдөгү банктардын жана акча алмаштыруу жайларынын маалыматынан көрсө болот.  Учурда америкалык валюта 89-90 сомдон сатып алынып, кайра 90-91 сомдон сатылууда. Ал эми рублдун куну 1 сом – 1 сом 15 тыйын чегинде кармалууда. Эске салсак, кечээ чет өлкөлөрдөгү… Кененирээк…

Кыргызстанда дыйкан, фермерлерге арзандатылган насыя берилип баштады

Кыргызстанда дыйкан, фермерлерге арзандатылган насыя берилип баштады. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, береселер 3 жылдык мөөнөткө 6 пайыздык чен менен берилүүдө. Бул максатта быйыл 26 миллиард сом бөлүндү. Насыяларды 3 банк аркылуу алса болот. Эске салсак, буга чейин кредиттер мал чарбачылыгына 10,… Кененирээк…

«Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталы 8,5 миллиард сомго көбөйтүлөт

«Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталы 8,5 миллиард сомго көбөйтүлөт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, «Менин үйүм — 2021-26» программасын ишке ашыруунун алкагында атайын жыйын уюштурулду. Анда компаниянын актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле аталган программаны ишке ашыруу үчүн каржы министрлигине марттын аягына чейин каражат бөлүп берүү тапшырылды.

Кыргызстанда жыл аягына чейин вакцинаны сактоочу атайын жайлар курулат

Кыргызстанда жыл аягына чейин вакцинаны сактоочу атайын жайлар курулат. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.   Атайын сактоочу жайларды курууга COVAX эл аралык уюму тарабынан 880 миң доллар бөлүнөт. Жакынкы арада тендер жарыяланат. Белгилеп кетсек, учурда өлкөдө 4 миллион 700 миң… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында былтыр апрелде жабыркаган баткендиктерге ай сайын жөлөк пул берилет

Кыргыз-тажик чек арасында былтыр апрелде жабыркаган баткендиктерге ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жөлөк пулду дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынган.   Ага ылайык, ай сайын 3 миң 700 сомдук пособие белгиленди. Каржылык колдоо каза тапкандардын 18 жашка чейинки… Кененирээк…