Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесин карап жатат.
Эске салсак, аталган өлкөнүн аймагына өзгөчө абал режими киргизилди. Ошондой эле аба жолдору
дагы жабык. Ведомствонун маалыматына ылайык, Украинада 1 миң 357 биздин мекендеш бар,
алардын 680и элчиликтин консулук каттоосунда турат. Учурда консулдук кызматтын
чалуу-борборуна 300 кыргызстандыктан билдирүү түштү. Алар Украинадан чыгып кетүүнү каалашууда