“Манас” эл аралык аэропортуна бара турган жолдо стелла пайда болот.
Турмуш басылмасы билдиргендей, учурда бул боюнча долбоор сунушталууда.
Стелла үчүн Дача-Су айынын тушунда орун бар. Ага болжол менен 10 миллион
сом керектелет. Негизги курулуштан тышкары анын айланасын
көрктөндүрүп, унаа токтотуу жайын салуу пландалууда.