Кыргызстанда 12 жеке менчик университет мындан ары дарыгерлерди окута албайт.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,
окуу жайлардын №6-формасы белгиленген стандартка жооп бербегендиктен жокко
чыгарылды. Ведомстводон белгилешкендей, атайын түзүлгөн комиссия марттын
ортосуна чейин дагы 5 окуу жайдын клиникалык базаларын текшерет. Жок болсо
алардын дагы лицензиясы алынат. Кошумчаласак, Кыргызстанда
жалпысынан 24 медициналык окуу жай бар.