Саламаттыкты сактоо министрлиги америкада өндүлгөн коронавируска каршы «Johnson & Johnson» вакцинасын сатып алуу ниетинде

Саламаттыкты сактоо министрлиги америкада өндүлгөн коронавируска каршы

«Johnson & Johnson» вакцинасын сатып алуу ниетинде. Бул тууралуу республикалык

имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, быйыл ошондой эле «Moderna» препаратынын 100 миңден ашык

дозасы келиши күтүлүүдө. Эске салсак, акыркы айларда Кыргызстанга бир катар

вакцина келди. Алардын катарында «Синофарм», «Спутник V», «AstraZeneca»,

«QazVac», «Pfizer» жана башкалар бар.