Кыргызстанда жыл аягына чейин вакцинаны сактоочу атайын жайлар курулат

Кыргызстанда жыл аягына чейин вакцинаны сактоочу атайын жайлар курулат. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

 

Атайын сактоочу жайларды курууга COVAX эл аралык уюму тарабынан 880 миң доллар бөлүнөт. Жакынкы арада тендер жарыяланат. Белгилеп кетсек, учурда өлкөдө 4 миллион 700 миң доза вакцина бар. Аларды тиешелүү температуралык режим менен туура сактоо керек.