Кыргыз-тажик чек арасында былтыр апрелде жабыркаган баткендиктерге ай сайын жөлөк пул берилет

Кыргыз-тажик чек арасында былтыр апрелде жабыркаган баткендиктерге ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жөлөк пулду дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынган.

 

Ага ылайык, ай сайын 3 миң 700 сомдук пособие белгиленди. Каржылык колдоо каза тапкандардын 18 жашка чейинки балдарына, пенсиядагы ата-энесине жана куралдуу кагылышта жабыркап, майыптык алган жарандарга тиешелүү болот.