1-марттан тарта Кыргызстанга кирүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди

1-марттан тарта Кыргызстанга кирүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Конуудан кийинки каттоо учурунда же унаа менен чек арадан өтүүдө ПЦР-тесттин таза жыйынтыгын же вакцина алгандыгын тастыктаган маалымкат көрсөтүү зарыл.

 

Ал эми учакка коронавирустун белгилери жок жүргүнчүлөр гана киргизилет.

 

Эгер жүргүнчүнүн ПЦР-тестинин мөөнөтү соңуна чыкса, анда COVID-19га ыкчам тест жасоо керек болот.