Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды

Өлкөдө бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Мамлекеттик салык кызматынан маалым болгондой, ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.   Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер анын ичинде патент менен иштегендер, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана… Кененирээк…

Украинадан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

Украинадан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ Кыргызстандын 100дөн ашык жаранынан турган биринчи эвакуациялык топ Киев шаарынан Венгриянын чек арасына автобус менен жөнөп кетти.   Элчиликтин кызматкерлери жарандарды бардык каттам боюнча коштоп жүрүшөт. Андан тышкары, дагы 150дөй жаран кезек күтүп жатат. Кыргызстандыктар… Кененирээк…

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Тажикистандын чек арасында 1-мартта саат 09:09да очогунда күчү 4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.   Жер силкинүү Ынтымак, Таш-Кыя, Пульгон айылдарында 4 баллга жакын, Кадамжай шаарчасында, Шуран, Жийделик, Алга, Котур-Булак, Кара-Дөбө, Маркас, Кара-Жыгач, Кызыл-Булак, Кулду, Орозбеков, Советское айылдарында… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, мындай чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирди жана дүйнөлүк экономикадагы бүгүнкү тенденцияларды эске алуу менен, өлкөдөгү инфляциялык процесстерди төмөндөтүү максатында, баалардын кескин өсүшүн токтотуу үчүн кабыл алынды.

Уолт Дисней тасмаларын россиялык кинотеатрларга жеткирүүнү токтотту

Уолт Дисней компаниясы тасмаларын россиялык кинотеатрларга жеткирүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу медиакорпорация Twitter баракчасына жарыялады.   Биз аталган мамлекетте тасмаларды көрсөтүүнү токтотуп жатабыз. Кырдаалга жараша кийинки чечимдерди кабыл алабыз, — деп айтылат билдирүүдө.   Украинадагы салгылашуулар алты күндөн бери уланууда. 24-февралда Владимир Путин бул өлкөдө… Кененирээк…

Мектептерди инновациялык окутуу ыкмасына өткөрүү маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Россия “Инновация аркылуу билим берүү сапатына карай” аталышында вебинар өткөрдү. Бул тууралуу «Кыргызпатенттин» басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, вебинар Кыргызстандын инновациялык мектептеринин жана балдар чыгармачылык борборлорунун мугалимдери жана окуучулары үчүн уюштурулду.   Катышуучуларга интеллектуалдык менчик эмне үчүн керек, эмнеси менен кызык… Кененирээк…

ИИМдин Оштогу өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору 50 миң долларга оңдолду

Ички иштер министрлигинин Оштогу башкармалыгына караштуу өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору 50 миң долларга оңдолду.   Оңдоо иштеринин алкагында жылуулук, суу жана электр менен жабдуу системалары калыбына келтирилип, эмеректер жана IT жабдуулар жеткирилди.   Ремонтту Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү жана чет элдик уюм… Кененирээк…

Кыргызстандын калкы карып баратат

Кыргызстандын калкы карып баратат. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 330 миңден ашуун улгайган адам жашайт. Бул өлкөнүн калкынын 5 пайызын түзөт.   Бириккен улуттар уюмунун жаш классификациясына ылайык, эгер калктын жалпы санында 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү 4 пайыздан аз болсо, анда мындай… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстандагы 800 мектепке ысык тамак берилет

Быйыл Кыргызстандагы 800 мектепке ысык тамак берилет. Бул тууралуу БУУнун өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, мектептердеги окуучуларды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн каражатты негизинен Россия берет.   Кошумчаласак, 2017-жылдан бери аталган мамлекет Кыргызстандагы мектептерге ысык тамак берүү үчүн 20 миллион доллардан ашык бөлгөн.

Бишкектеги кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча 5 пайыздык босого чектен өткөн талапкерлерге күрөө акысы кайтарылат

Бишкектеги кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча 5 пайыздык босого чектен өткөн талапкерлерге күрөө акысы кайтарылат.   Боршайкомдон маалым болгондой, Биринчи Май шайлоо округу боюнча жеңүүчү Эльвира Сурабалдиевадан тышкары эки талапкер 5 пайыздан ашык добуш алган. Ал эми Свердлов шайлоо округунда акчасын кайтарып ала турган алты талапкер… Кененирээк…