“Түндүкэлектр” жаздын келиши менен оңдоо иштерин жандантты

“Түндүкэлектр” жаздын келиши менен оңдоо иштерин жандантты. Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматына ылайык, кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдыктын алкагында Бишкекте жана Талас, Чүй облустарында жабдууларды жана электр тармактарын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

 

Бул учурда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.

 

Андыктан, жарандарга түшүнүү менен кабыл алуу сунушталууда.