Алматы-Бишкек-Алматы авикаттамынын саны көбөйдү

Алматы-Бишкек-Алматы авикаттамынын саны көбөйдү. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык,1-марттан баштап аталган аба каттам жумасына 12 жолу аткарылат.

 

Эми жүргүнчүлөр Бишкектен Алматыга дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү эки жолу учууга мүмкүнчүлүк алышты”, — деп айтылат билдирүүдө.

 

Эске салсак, буга чейин аталган багыт боюнча каттамдар жумасына 7 жолу аткарып келген.