Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган бак отургузуу акциясы өтөт

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган бак отургузуу акциясы өтөт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара 6-апрелде “Ынтымак” сейил багында уюштурулат. Акция учурунда каалоочулар кандагы канттын деңгээлин, кан басымды өлчөтүп, тамекиден баш тартуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш алышат, ошондой эле COVID-19га каршы… Кененирээк…

Энергетикалык компанияларды бириктирүүдө үнөмдөлгөн каражатка жаңы объектилер курулат

Кыргызстандагы энергетикалык компанияларды бириктирүүдө үнөмдөлгөн каражат жаңы энергетикалык объектилерди курууга жумшалат. Улуттук энергохолдингдин маалыматына караганда, оптимизацияланган чыгашаларды генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү, энергетикалык жабдууларды реконструкциялоо менен модернизациялоо жана Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун чыңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багыттоо пландаштырылууда. Бирок мекеме канча каражат үнөмдөлөөрүн тактаган жок. Белгилеп… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропорту жаңы графикке өттү

“Манас” эл аралык аэропорту жазгы-жайкы графикке өттү. Аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы тартип 29-октябрга чейин күчүндө болот. Ага ылайык, Бишкектен түз аба каттамдары аркылуу дүйнөнүн 8 өлкөсүнүн 18 шаарына, ошондой эле жакында Раззаков шаары деп өзгөртүлгөн Исфана, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларына ички 6… Кененирээк…

Эркин Тентишев өлкө башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү кызматынан кеткен Эркин Тентишев өлкө башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.   Тентишевдин ордуна Чүй облусун Нурил Алымбаев өз жетекчилигине алды.

Бишкекте жылуулук сезону ийгиликтүү жыйынтыкталды

Бишкекте жылуулук сезону ийгиликтүү жыйынтыкталды. “Бишкек жылуулук тармагы” борбордук жылуулук системасынан социалдык объектилерди жана көп кабаттуу турак-жайларды өчүрүп баштады.   Эми муниципалдык ишкана калыбына келтирүү жана кийинки жылуулук сезонуна даярдык иштерин баштайт.

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, эртең “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү аркылуу унаалар жана жүк өткөрүлбөйт.   Бул Кытайда 5-апрелде белгиленүүчү улуттук майрамга байланыштуу. Түйүндөр 6-апрелде  кадимки режимде ишин жандандырат.

Бишкекте 3 көчө оңдоо иштерине жабылды

Бишкекте 3 көчө оңдоо иштерине жабылды. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Сыдыков көчөсүнүн Турусбеков-Акиев, Элебаев көчөсүнүн Толстой-Горький жана Шералиев көчөсүнүн бир бөлүгүндө калыбына келтирүү иштери аткарылат.   Көчөлөрдү оңдоо Кытай грантынын каржылоосундагы  “Бишкектин көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Эркин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Эркин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Белгилеп кетсек, чиновник бул кызматты ээлегенине 1 жыл дагы болгон жок. Ал эми дагы бир жарлыгы менен Жапаров президенттин Чүй облусундагы өкүлү кылып Нурил Алымбаевди дайындады.  … Кененирээк…

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда биринчи жолу коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда биринчи жолу коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, акыркы суткада өлүм учуру да аныкталган эмес. Бирок коронавирустан дарыланып жаткандар бар. Азыркы тапта стационарда 96, ал эми амбулатордук шартта 46 адам медициналык жардам… Кененирээк…

“Урал аба жолдору” Кыргызстанга жаңы авиакаттамдарды ачууда

Россиялык  “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы Кыргызстандын ири шаарларына беш жаңы авиакаттам ачууда.   Бул тууралуу аталган авиакомпаниянын Telegram каналында жазылган. 2022-жылдын жай айларында “Урал аба жолдору” Кыргызстандын ири шаарларына жаңы каттамдарын көбөйтүп, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары Ысык-Көлгө учактарын жөнөтүп турат.   Маалыматка ылайык, Владикавказ… Кененирээк…