Бишкекте 3 көчө оңдоо иштерине жабылды. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Сыдыков көчөсүнүн Турусбеков-Акиев, Элебаев көчөсүнүн Толстой-Горький жана Шералиев көчөсүнүн бир бөлүгүндө калыбына келтирүү иштери аткарылат.
Көчөлөрдү оңдоо Кытай грантынын каржылоосундагы “Бишкектин көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.