Энергетикалык компанияларды бириктирүүдө үнөмдөлгөн каражатка жаңы объектилер курулат

Кыргызстандагы энергетикалык компанияларды бириктирүүдө үнөмдөлгөн каражат жаңы энергетикалык объектилерди курууга жумшалат.

Улуттук энергохолдингдин маалыматына караганда, оптимизацияланган чыгашаларды генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү, энергетикалык жабдууларды реконструкциялоо менен модернизациялоо жана Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун чыңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багыттоо пландаштырылууда.

Бирок мекеме канча каражат үнөмдөлөөрүн тактаган жок.

Белгилеп кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялардын бир бөлүгү “Улуттук электр тармактарына” кошулса, “Бишкек жылуулук тармактары “Электр станцияларга” бириктирилет.