Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган бак отургузуу акциясы өтөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара 6-апрелде “Ынтымак” сейил багында уюштурулат.
Акция учурунда каалоочулар кандагы канттын деңгээлин, кан басымды өлчөтүп, тамекиден баш тартуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш алышат, ошондой эле COVID-19га каршы эмдөөдөн өтсө болот.