“Манас” эл аралык аэропорту жазгы-жайкы графикке өттү.
Аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы тартип 29-октябрга чейин күчүндө болот.
Ага ылайык, Бишкектен түз аба каттамдары аркылуу дүйнөнүн 8 өлкөсүнүн 18 шаарына, ошондой эле жакында Раззаков шаары деп өзгөртүлгөн Исфана, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларына ички 6 каттам аткарылат.