Кырызстандык мушкерлер эл аралык турнирде колло медалдарды багындырды

Кырызстандык мушкерлер эл аралык турнирде колло медалдарды багындырды. Бокс федерациясынан билдиришкендей, кечээ Казакстанда спорттун аталган түрү боюнча мелдештер жыйынтыкталды.   Өлкө намысын коргоп барган Жеңиш Улпатов 48 килограмм салмак категориясында жана Жаркын Туратов 75 килограмм салмакта үчүнчү орундарга ээ болушту.   Жалпы командалык эсепте Кыргызстан… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 7-апрелге чейин Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Казарман – Ак-Тал – Чат, Каракол – Эңилчек жана Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга бул каттамдар… Кененирээк…

Мектеп бүтүрүүчүлөрүндө жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн болгону 2 күн калды

Мектеп бүтүрүүчүлөрүндө жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн болгону 2 күн калды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан эскертишкендей, 6-апрелде каттоо процесси жыйынтыкталат.   Абитуриенттер www.testing.kg сайтынан онлайн түрүндө же салттуу форматта катталса болот. Белгилеп кетүүчү нерсе – жогорку окуу жайга өтүү үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү

Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан маянаны жогорулатуу 300 миңден ашык адамга тиешелүү болду.   Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров азырынча күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөй турганын билдирген. Ал белгилегендей, учурда салык… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн жылуулук өчүрүлөт

Бишкекте бүгүн жылуулук өчүрүлөт.   Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жылуулук системасынан алгач социалдык объектилер, андан кийин көп кабаттуу үйлөр өчүрүлүп баштайт.   Белгилеп кетсек, адатта Бишкекте аба табы  5 сутка катары менен +8 градустан  жогору сакталса, жылуулук сезону токтотулат.

Кадамжайдын Алгакадам тилкесинде магистраль каналын куруу иштери  башталды

Кадамжайдын Алгакадам тилкесинде магистраль каналын куруу иштери  башталды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аны өткөрүү үчүн тоону жаруу жумуштары аткарылды. Объектти колдонууга берүү менен 4 миң гектар жерди сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.   Ирригациялык каналдын жалпы узундугу 27 чакырымга жетет.   Долбоордун сметалык баасы – 634 миллион сом.… Кененирээк…

Кыргызстанда эл каттоонун негизги этабы жыйынтыкталды

Кыргызстанда эл каттоонун негизги этабы жыйынтыкталды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта 6-апрелге чейин текшерүүчү каттоо процедурасы жүргүзүлөт.   Бул каттоого алынган жарандардын маалыматын тактоо максатында жасалат. Эгер негизги убакта үй-бүлө мүчөсү кандайдыр бир себептер менен катталбай калса, текшерүүчү каттоодо жазылат.  Ал эми алыскы… Кененирээк…

БШК жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна карата добуш берүүчүлөрдүн акыркы жыйынтыгын жарыялады

  БШК жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна карата добуш берүүчүлөрдүн акыркы жыйынтыгын жарыялады. Комиссия маалыматына ылайык, шайлоого катышууга укуктуу адамдардын саны 157 миң 958ди түздү.   Добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү менен тизмелер 7-апрелге чейин 84 шайлоо тилкесинде илинет.   Эске салсак,   10-апрелде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй… Кененирээк…

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыгы  1-2 айда белгилүү болот

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыгы  1-2 айда белгилүү болот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.   Анын айтымында, эл каттоонун биринчи жыйынтыгы май айларында алынып баштайт, бирок расмий акыркы жыйынтыкты чыгарууга 1 жылдан ашык убакыт талап… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар дагы эле кымбаттоодо

Кыргызстанда доллар дагы эле кымбаттоодо. Учурда америкалык валютаны коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары  84 сомдон сатып алып, кайра 86 сомдон сатышууда.   Муну менен 3 күндө эле доллар дээрлик 5 сомго көтөрүлдү. Белгилеп кетсек, соңку 4 жылдан бери алгачкы жолу Улуттук банк… Кененирээк…