Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда биринчи жолу коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда биринчи жолу коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, акыркы суткада өлүм учуру да аныкталган эмес. Бирок коронавирустан дарыланып жаткандар бар. Азыркы тапта стационарда 96, ал эми амбулатордук шартта 46 адам медициналык жардам алууда.