Кыргызстанда аз камсыз 27 миң үй-бүлөгө байытылган ун жана май таратылат.
Эмгек министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия берген 810 тонна ун жана 120 тонна өсүмдүк майын алды.
Жардам «Эмгек ордуна азык-түлүк» долбоорунун катышуучуларына берилет.
Мындан тышкары, башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз түшкү тамак даярдоо үчүн өлкөнүн мектептерине бөлүштүрүлөт.