Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт

Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматына ылайык,  иш-чара 27-апрелде саат 10дон күндүзгү 3кө чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында уюштурулат.   Жумуш издегендер бул жерден компаниялардагы бош орундар менен таанышып, кеп-кеңеш ала алышат. Андан тышкары, өз кызматтары тууралуу окутуу… Кененирээк…

Бишкекте Пасха майрамына карата куличтерди сатуу башталды

Бишкекте Пасха майрамына карата куличтерди сатуу башталды.   Быйыл христиан элинин майрамы 24-апрелге туура келет. Ордо калаанын дүкөндөрү жана кондитер цехтерине жалпысынан 300 миң даанадан ашык кулич азыгы жеткирилет.   Пасха азыгын сүйүүчүлөргө анын ар кандай салмактагы түрү сунушталат – 100 граммдан,  1 килограммга чейин.

Эмгек мигранттарынын акча которуулары көбөйдү

Эмгек мигранттарынын акча которуулары көбөйдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жылдын алгачкы 2 айында кыргызстандыктар мекенине дээрлик 365 миллион доллар которду.   Бул өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу, 11 пайызга же 36 миллион долларга көп. Адаттагыдай эле, которулган акчанын басымдуу бөлүгү Россияга туура келет… Кененирээк…

«Ала-Тоо» аянтындагы мыйзамсыз оюн түйүндөрү алынды

Бишкекте «Ала-Тоо» аянтындагы мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилер жана оюн түйүндөрү алынды. Мэриядан билдиришкендей, Биринчи Май райондук администрациясынын, “Тазалыктын” жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кезектеги рейд өткөрүштү. «Бул жолу 6 оюн-зоок курулмалары демонтаждалып, Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлдү. 1 кварталда 25 мыйзамсыз объект… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн таза суусуз калат

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн таза суусуз калат. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин суу Лев Толстой, Алыкулов, Горький көчөлөрүн жана Ала-Арча дарыясын бириктирген бөлүктө, аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал жана Достук кичи районунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр “Батыш” суу дарбазасындагы оңдоо… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл туристтерди тейлөө үчүн 68 атайын эс алуучу жай ачылат

Кыргызстанда быйыл туристтерди тейлөө үчүн 68 атайын эс алуучу жай ачылат. Маданият министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, туризм тармагын өнүктүрүү иштери 3 багытта ишке ашырылат.   Бардык сервистер жеткиликтүү 68 rest point жайларын ачуу. Экинчиси – туристтик жайларга баруучу жолдорду оңдоо. Үчүнчүсү – туристтик маркетингге басым… Кененирээк…

Россия Бишкекке жардам катары 135 миң тонна ун жана 60 тоннадан ашык суу май берет

Россия Бишкекке жардам катары 135 миң тонна ун жана 60 тоннадан ашык суу май берет. Аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, азыктар бүгүн муктаж үй-бүлөлөргө тапшырылат.   Ушундай эле акция 20-апрелде Ошто өтүп, 675 миң тонна ун жана 60 тонна суу май таратылган.

Кыргызстанда эми ипотекага чарчы метри 70 миң сомго чейинки батирди алууга болот

Кыргызстанда эми ипотекага чарчы метри 70 миң сомго чейинки батирди алууга болот. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык,  “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында сатып алынган турак жайлардын параметрлерин өзгөртүү маселеси көтөрүлдү.   Ага ылайык, буга чейин турак жайдын бир чарчы метринин максималдуу баасы 60 миң сом болсо,… Кененирээк…