Кыргызстандан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унаалар тыкыр көзөмөлдөнөт.
Бул үчүн Салык кызматынын, ИИМдин, Унаа жана жолдор министрлигинин, Чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.
Мындан ары алар “Ак-Тилек” өткөрмө-бекетине жакын айланма жолдо иш алып барышат.
Мамлекеттик салык кызматынын такташкандай, коңшу мамлекетке жолго чыккан айдоочулар ташып бараткан жүктүн QR-коду бар электрондук эсеп-фактурасын кагазга чыгарып алышы керек. Ведомстводон белгилешкендей, бул чек арада уналардын топтолушуна каршы көрүлүп жаткан чара.