Кыргызстанда доллардын расмий курсу кайра жогорулады

Кыргызстанда доллардын расмий курсу кайра жогорулады.

Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, эртеңки күнгө доллардын номиналдык курсу 80 сом 87 тыйын деп белгиленди.

Муну менен 1 АКШ валютасы 0,62 пайызга же 51 тыйынга жогорулады.

Ордо калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда аталган валюта учурга карата орточо 84-85 сомдон сатып алынып, 86-86 сом 50 тыйындын тегерегинде сатылууда.