Өлкөдөгү бардык соода түйүндөр 31-майга чейин POS-терминалдарды орнотуусу керек

Өлкөдөгү бардык соода түйүндөр 31-майга чейин POS-терминалдарды орнотуусу керек. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, банктык төлөм карталарын же электрондук акчаларды колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды орнотпогондорго 1000 сомдон 5 миң сомго чейин айып пул каралган. Мекеме санариптештирүү шартында накталай эмес төлөм формасына өтүү… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда 590 чакырым жол оңдолот

Быйыл Кыргызстанда 590 чакырым жол оңдолот. Унаа жана жолдор министрлигинин орун басары Нурлан Кайынбаев ишендиргендей, анын 429 чакырымынын асфальты жаңыртылат. Бул максатта бюджеттен 7 миллиард 600 миллион сом, ал эми инвестициялык долбоорлор аркылуу 11 миллиард сом бөлүү каралууда. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жолдордун жалпы узундугу 34… Кененирээк…

Салык төлөбөгөн 500дөн ашык адамга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды

Салык төлөбөгөн 500дөн ашык адамга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Мамлекеттик салык кызматынан такташкандай, мындан тышкары 1 миң 130дай салык төлөөчүнү чет өлкөгө чыгарбоо боюнча сотко материалдар жөнөтүлдү. Белгилеп кетсек, жаңы Салык кодексине ылайык, Салык кызматы карызы 100 миң сомдон ашкандар акчаны 15 күндүн ичинде төлөбөсө,… Кененирээк…

Кыргызстанда апрелдин аягына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда апрелдин аягына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 24-25-апрелде температура кескин төмөндөйт. Келе жаткан жекшемби жана дүйшөмбүдө түштүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт.   Мындай туруксуз-ырайы түндүк райондорунда дагы катталат.  26-апрелге караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарында –3 градуска чейин үшүк жүрөт.

Бишкекте курулуштар боюнча жыйын өтөт

Бүгүн 22-апрелде Бишкектеги шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын талкуулаган жыйын өтөт. Башаламан курулуш көйгөйү жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча депутаттык комиссия көчмө жыйынын Бишкек шаардык башкы архитектура мекемесинде өткөрөт.   Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, жыйында Бишкек шаарынын башкы планы жана көп кабат… Кененирээк…

Бишкек аймагын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борборубуздагы сейил бактарды тазалоо, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, «Карагай токой», «Ынтымак», «Жаштык», «Ден соолук» сейил бактарын тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жаздын келиши менен жумушчулар гүлзарларды отоо, чөптөрдү чабуу,… Кененирээк…

Мамлекеттик ишканаларды пайданын 50 пайызын төлөөдөн бошотуу сунушу каралууда

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна президенттик администрацияга мамлекеттик ишканаларды таза пайдадан 50 пайыздык чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүү тапшырылды. Бул тууралуу маалымат министрлер кабинетинин басма сөз кызматында жазылат. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда жайгашкан бир катар мамлекеттик ишканалардын абалы менен… Кененирээк…

Бишкектин 7 көчөсүндө тротуарлар оңдолот

Бишкектин 7 көчөсүндө тротуарлар оңдолот. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Жөө жүрүүчүлөр аймактарын калыбына келтирүү иштерин “Бишкек асфальт сервис” ишканасы жүргүзөт.   Тротуарлар Жибек Жолу, Чүй проспектилеринде жана Киев, Абдрахманов, Манас, Айтматов, Ахунбаев көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында жаңыртылат.

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Жарым финалдык беттеште ал өзбекстандык Набира Эсенбаева менен кез келип, ага үстөмдүк кыла алды.   Тыныбекова алтын медаль үчүн япониялык Нонока Озаки менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 4тө старт алат.

Өлкөдө доллардын баасы 50 тыйынга жогорулады

22-апрель эртең мененкиге карата өлкөдө доллардын баасы 50 тыйынга жогорулады.   Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар 1 АКШ долларын 84 сомдон 85 сом 50 тыйынга чейин сатып алса, 85-86 сом 50 тыйындан сатууда. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 80 сом 36 тыйын деп… Кененирээк…