Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына бюджеттен 100 миллион сом бөлүнөт

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына бюджеттен 100 миллион сом бөлүнөт.

Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, каражаттын жарымы өнөрпоздордун даярдануусу жана барып келүүсү үчүн, теңи спортчуларга каралган.

Эске салсак, Кыргызстан демилгелеген Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл биринчи жолу чет жакта — Түркиянын Изник шаарында уюштурулат.

Маданий саамалык 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтөт.