Быйыл туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард 40 миллион сом каралды

Быйыл туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард 40 миллион сом каралды.

Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Аткаминердин айтымында, каражаттын 1 миллиарды Туризмди өнүктүрүү фондуна, калганы туризм департаментине бөлүндү.

Ал кошумчалагандай, сумма туристтик объектилерди курууга жумшалат.