Келе жаткан ишембиде окуучулар окушат

Келе жаткан ишембиде окуучулар окушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, 1-майдан 9-майга чейин өлкөдө эс алуу жарыяланып, мектептер иштебейт.   Бирок 4-жана    6-майдын ордуна 30-апрель жана 14-майга туура келген ишембилер окуу күнү болот.   Белгилеп кетсек, министрлер кабинетинин токтомуна… Кененирээк…

Бишкекте жол куруунун активдүү фазасы старт алды

Бишкекте жол куруунун активдүү фазасы старт алды. Алсак, Эр-Тайлак көчөсүндө ирригациялык темир-бетон түтүктөр орнотулууда, — дешти мэриядан. Ошондой эле, иштер Арча-Бешик конушундагы Садыбакасов көчөсү оңдолуп жатат.   Жумуштар толугу менен сентябрдын аягында жыйынтыкталат. Эске салсак, көчөлөрдү оңдоо иштери кытайлык гранттын эсебинен аткарылууда.

Кыргызстанда эң эле арзан турак-жайлар Нарын облусунда жана Ошто

Кыргызстанда эң эле арзан турак-жайлар Нарын облусунда жана Ошто. Бул аймактарда чарчы метрдин баасы 10 миң жана 10 миң 300 сомду түзөт. “Акчабар” агенттигинин маалыматына ылайык, эң кымбат үйлөр, албетте – Бишкекте.   Ордо калаада бир чарчы метр үчүн болжол менен 31 миң 700 сом… Кененирээк…

Голливуд Россия рыногуна кайтууну каалап жатат

АКШлык Warner Bros. кинокомпаниясы россиялык аудиторияга кайтып келүү ниетин билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү Deadline басылмасындагы макалага шилтеме берип «Известия» жазды. «Акыркы эки жылда баарыбыз бүдөмүк режимде жашоого үйрөндүк. Дүйнө жүзү боюнча кинотеатрлар жабылган. Бирок буга башка жагдай себеп болгон. Ал эми азыр түзүлгөн кырдаалдан чыгуу… Кененирээк…

Бүгүн Кадыр түн белгиленет

Бүгүн Кадыр түн белгиленет. Бул түн орозонун 26сынан 27-күнүнө караган түнүнө туш келди. Анда мусулмандар таң атканча уктабастан куран окуп, жакшылык тилешет. Эске салсак, быйыл Орозо 2-апрелде башталган жана ал 2-майда майрамдык айт менен жыйынтыкталат.

Эртең Жалал-Абад шаарына газ берүү токтотулат

Эртең Жалал-Абад шаарына газ берүү токтотулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-апрелде таңкы саат 6дан кечки 8ге чейин магистралдык газ системасындагы оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу шаар аймагында газ берүү убактылуу өчүрүлөт. Мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

ЖК министр кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берди. Кулубаевдин талапкерлигин депутаттарга президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Кулубаевдин талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдоду. Эске салсак, кечээ тармактык комитет тышкы иштер министри кызматына дайындоого… Кененирээк…

Офицерлердин аскер кызматын өтөө жаш курагынын чегин жогорулатуу сунушталды

Парламентте офицерлердин аскер кызматында болуу жаш курагынын чегин жогорулатуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгеге жүйөө катары офицерлердин 90 пайызы ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү, тажрыйбасы мол жана конкреттүү билими бар экени аталууда. Мындан улам, подполковниктердин жана капитандардын кызмат өтөө мөөнөтүн 43 жылдан 45 жылга, майор… Кененирээк…

Кыргызстанда ККМ колдонуу боюнча жаңы ченемдер кабыл алынды

Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонуу боюнча жаңы ченемдер кабыл алынды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ведомствонун системасында катталган ККМдер техникалык кароодон өткөрүлбөйт, дароо колдонууга берилет. Аны пайдалануу 31-декабрга чейин каралган. Ал эми техникалык талаптарга жооп бербеген аппараттар 1-майдан тартып каттоодон өткөрүлбөйт. Эске салсак, Садыр… Кененирээк…

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы темир жол байланышын жандантуу маселеси кайрадан талкууланды

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы темир жол байланышын жандантуу маселеси кайрадан талкууланды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат “Россия темир жолу” ишканасынын өкүлү менен жолукту. Тараптар эки мамлекеттин ортосунда темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуулардын кайра жанданышы кызматташтыктын стратегиялык мүнөзүнө жооп берет… Кененирээк…