Голливуд Россия рыногуна кайтууну каалап жатат

АКШлык Warner Bros. кинокомпаниясы россиялык аудиторияга кайтып келүү ниетин билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү Deadline басылмасындагы макалага шилтеме берип «Известия» жазды.
«Акыркы эки жылда баарыбыз бүдөмүк режимде жашоого үйрөндүк. Дүйнө жүзү боюнча кинотеатрлар жабылган. Бирок буга башка жагдай себеп болгон. Ал эми азыр түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча кандайдыр бир жолдору табылат деп ойлойм», — деди компаниянын өкүлү Эндрю Криппс.
Ошол эле учурда ал компания Россия рыногуна кандай шартта кайтып келерин өзү так билбей турганын кошумчалады.
Криппстин айтымында, россиялык рынок аталган компаниянын жылдык кирешесинин орто эсеп менен беш пайызын түзөт.
Эске салсак, 24-февралда Украинада аскердик атайын операциясын баштаган Россияга Батыш мамлекеттери катаал санкцияларды киргизген. Мунун алкагында айтылуу Walt Disney Company жана Warner Bros. компаниялары Россиянын кинотеатрларында тасмаларды прокатка чыгарууну токтоткон. Warner Bros. «Бэтмен» фильминин бет ачарына бир күн калганда тасма Россияда көрсөтүлбөй турганын жарыялаган.