Эртең Жалал-Абад шаарына газ берүү токтотулат

Эртең Жалал-Абад шаарына газ берүү токтотулат.

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде таңкы саат 6дан кечки 8ге чейин магистралдык газ системасындагы оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу шаар аймагында газ берүү убактылуу өчүрүлөт. Мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.