Ысык-Көлдө пансионат, конок үй кургандарга талап күчөйт

Кийинки жылдан тарта Ысык-Көлдө пансионат, конок үй кургандарга талап күчөйт. Президент “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Документке ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта аймактагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат. Жарлыктын алкагында Министрлер кабинети үч жылга Ысык-Көлдү коргоо жана… Кененирээк…

Швейцариянын лыжа базаларында кар кескин азайып кетти

Атактуу Альп тоолорунда кар жетишсиз. Швейцариянын лыжа тебүү зонасында глобалдык жылуулукка байланыштуу жаан-чачындар кескин кыскарды. Өлчөө станциялары быйыл кардын эң аз жаашы боюнча жаңы рекорддорду белгилешти. Дрондон тартылган тасмалардан Готард ашуусундагы мөңгүлөрдүн тез эрип жатканын көрүүгө болот. Экологдордун айтымында, 16 жылдын ичинде алар 10 пайызга… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк быйыл азык-түлүктүн баасы 23 пайызга өсөт деп эсептейт

Дүйнөлүк банк Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалдан улам азык-түлүк баасы 2024-жылдын аягына чейин жогорку деңгээлде кала турганын билдирди. Бул 1970-жылдардан бери биз баштан өткөргөн эң ири товардык шок, — деди Дүйнөлүк банктын адилеттүү өсүш, каржы жана институттар боюнча вице-президенти Индермит Гилл. Банк быйыл айыл чарба… Кененирээк…

Оң рулдуу унааларды алып кирүү демилгеси Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок

Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргызстандын жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин четке какты. Мыйзам долбоорунда өлкө аймагына оң рулдуу унааларды кайра алып келүүгө жана каттоого уруксат берүү каралган. Документтин долбоору февраль айында коомдук талкууга коюлган. Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Ички иштер… Кененирээк…

Ошто 100дөн ашык аз камсыз үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 100дөн ашык аз камсыз үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, акцияны коомдук кайрымдуулук фонд жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштурду.

Россия хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажырады

Хоккей боюнча Эл аралык федерация Россияны 2023-жылы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратты. “Азаттык” жазгандай, мындай чечимди федерациянын кеңеши коопсуздукка байланыштуу деп түшүндүрдү. Чемпионат кайда өтөрү келерки айда Финляндиядагы дүйнө биринчилигинде белгилүү болот. Эске салсак, буга чейин юниорлор арасында дүйнө биринчилиги Омск жана Новосибирск шаарларынан башка… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт

Бүгүн Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара саат 10дон күндүзгү 3кө чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында уюштурулат. Жумуш издегендер бул жерден компаниялардагы бош орундар менен таанышып, кеп-кеңеш ала алышат. Андан тышкары, өз кызматтары тууралуу окутуу борборлору… Кененирээк…

ӨКМ муктаждарга 4 тоннадан ашуун азык-түлүк бөлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муктаждарга 4 тоннадан ашуун азык-түлүк бөлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, бөлүнгөн азык-түлүк ун, кумшекер, күрүч, туз, чай, макарон, өсүмдүк майы, томат пастасы, тез даярдалуучу кесме жана таттуулардан турат. Азык-түлүк кайрымдуулук фонддору тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө таратылат.