Офицерлердин аскер кызматын өтөө жаш курагынын чегин жогорулатуу сунушталды

Парламентте офицерлердин аскер кызматында болуу жаш курагынын чегин жогорулатуу сунушталды.

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгеге жүйөө катары офицерлердин 90 пайызы ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү, тажрыйбасы мол жана конкреттүү билими бар экени аталууда.

Мындан улам, подполковниктердин жана капитандардын кызмат өтөө мөөнөтүн 43 жылдан 45 жылга, майор жана подполковник 48 жылдан 50 жылга, полковник 53 жылдан 55 жылга чейин жогорулатууну сунуштап жатышат.

Алар генерал-майорлор үчүн аскердик кызматтын мөөнөтүн азыркыдай эле – 58 жыл, ал эми генерал-лейтенанттар, генерал-полковниктер жана армия генералдары үчүн – 63 жыл деп калтырууну каалашат.