Бишкекте жол куруунун активдүү фазасы старт алды. Алсак, Эр-Тайлак көчөсүндө ирригациялык темир-бетон түтүктөр орнотулууда, — дешти мэриядан. Ошондой эле, иштер Арча-Бешик конушундагы Садыбакасов көчөсү оңдолуп жатат.
Жумуштар толугу менен сентябрдын аягында жыйынтыкталат. Эске салсак, көчөлөрдү оңдоо иштери кытайлык гранттын эсебинен аткарылууда.