Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонуу боюнча жаңы ченемдер кабыл алынды.
Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ведомствонун системасында катталган ККМдер техникалык кароодон өткөрүлбөйт, дароо колдонууга берилет.
Аны пайдалануу 31-декабрга чейин каралган.
Ал эми техникалык талаптарга жооп бербеген аппараттар 1-майдан тартып каттоодон өткөрүлбөйт.
Эске салсак, Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон.
Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.