Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы темир жол байланышын жандантуу маселеси кайрадан талкууланды

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы темир жол байланышын жандантуу маселеси кайрадан талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат “Россия темир жолу” ишканасынын өкүлү менен жолукту.

Тараптар эки мамлекеттин ортосунда темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуулардын кайра жанданышы кызматташтыктын стратегиялык мүнөзүнө жооп берет жана ишкер байланыштарды активдештирүүгө, кыргыз-россия эки тараптуу соодасынын өсүшүнө өбөлгө болот деген пикирге келишти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында орус тарап маселе боюнча оң позициясын билдирди.