Россия хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажырады

Хоккей боюнча Эл аралык федерация Россияны 2023-жылы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратты.

“Азаттык” жазгандай, мындай чечимди федерациянын кеңеши коопсуздукка байланыштуу деп түшүндүрдү.

Чемпионат кайда өтөрү келерки айда Финляндиядагы дүйнө биринчилигинде белгилүү болот.

Эске салсак, буга чейин юниорлор арасында дүйнө биринчилиги Омск жана Новосибирск шаарларынан башка жерге которуу чечими кабыл алынган.