Ошто 100дөн ашык аз камсыз үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 100дөн ашык аз камсыз үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге азык-түлүк таратылды.

Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акцияны коомдук кайрымдуулук фонд жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштурду.