Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 боюнча статистиканы жарыялоосун токтотту. Бул тууралуу 24 агенттигине ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти.
Мындай чечим өлкөдө соңку күндөрү коронавирустун жаңы учурлары катталбаганына байланыштуу кабыл алынды.
Эгер вирус кайрадан катталса, анда маалымат кайра эле жарыяланат, — дешти министрликтен. Кошумчаласак, пандемия башталгандан бери жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дун 200 миңден ашык учуру катталды.