Бийлик Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Аида Төлөгөнова билдирди.
Анын айтымында, бул жылга каралган 8 миллиард сомдун 3,5 миллиардын аймактарда турак-жай курууга багыттоо пландалууда.
Биринчи кезекте Баткен облусунун айылдарында үйлөр курулат, өзгөчө Максат жана Ак-Сайы айылдары каралат. Андан кийин көп кабаттуу турак-жайлар башка облустарда пайда болот.