Чаткалда мектептин шыбы урады, жабыркагандар бар

Чаткалда мектептин шыбы урады, жабыркагандар бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, №18 Чымканаев атындагы орто мектептин окуу кабинетинин шыбы урап, 18 окуучу менен мугалим коопсуз жайга чыгарылды.   Андан кийин Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү. Кырсык болгон жерге куткаруучулар тобу тартылды.

Садыр Жапаров Абу-Дабиге учуп кетти

Президент Садыр Жапаров Москвадан түз эле Абу-Даби шаарына БАЭнин мурдагы президенти Шейх Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн учуп кетти. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Жапаров андан эки күн мурда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң популярдуу туристтик багыттары аталды

Дүйнөнүн эң популярдуу туристтик багыттары аталды. Анда Португалиянын Порту шаары лидер болду. Ал жактан сүрөт тартууга болгон суроо-талап акыркы эки айда 62 пайызга өскөн. Тизмеде экинчи орунда Грециянын КОрфу аралы, үчүнчүдө Италиянын КОмо көлү турат. Стамбул, Ибица, Пхукет жана Мадрид дагы туристтик борборлордун арасында.

Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар июлдун биринчи жумасында тапшырылат

Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар июлдун биринчи жумасында тапшырылат. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомство 11-класстын бүтүрүүчүлөрү да, 9-класстын окуучулары да бул аралыкта билими тууралуу документ алаарын белгилейт. Күбөлүктөрдү басып чыгаруу боюнча тендер пландалгандыктан, иш-чаралардын так датасы азырынча белгисиз. Эске салсак, быйыл 11-класстын 61 миң 546… Кененирээк…

Кыргызстан импорттолгон көмүрдөн баш тартып “Кара-Кечеге” артыкчылык берет

Кыргызстан быйыл ташылып келген көмүрдөн баш тартып, жергиликтүү “Кара-Кечеге” артыкчылык берет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, импорттолгон көмүрдү сатып алууга сарптала турган 32 миллион сом эми өлкөдө калат. Кошумча жумуш орундары да түзүлөт. Ал кошумчалагандай, былтыр ушул маалда ТЭЦте 100 тонна… Кененирээк…

Иранда негизги азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады

Иранда негизги азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады. Эл аралык басылмалардын маалыматына караганда, өсүмдүк майы, тоок эти, жумуртка жана сүт бир заматта эле 300 пайызга өсүп кетти. Адистер бул экономикалык кырдаалды Украинадагы жаңжалдан улам дүйнөлүк жеткирүү түйүндөрүндөгү көйгөйлөр менен байланыштырууда. Маселен, Иранга алынып келинген өсүмдүк майынын дээрлик… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо айлык акы жыл ичинде дээрлик 11,5 пайызга өстү

Кыргызстанда орточо айлык акы жыл ичинде дээрлик 11,5 пайызга өсүп, 21 миң сомго жетти. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Эмгек акынын жогорулашы чарбалык иштин бардык түрлөрүнүн ишканаларында жана уюмдарында байкалды. Эң олуттуу өсүш саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө жана тоо-кен тармагында белгиленди. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Америкалык компания Кыргызстанга 50 млн доллар берет

Дүйнөлүк айыл чарба техникаларын чыгарган америкалык компания Кыргызстанга 50 миллион доллар берет. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча меморандумга кол коюлду. Ведомстводон белгилешкендей, өлкөдөгү айыл чарба техникаларынын паркы 2026-жылга чейин 10 пайызга жаңыланышы керек. Учурдагы жабдуулар өтө көп убакыттан бери алмаштырылбай, түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизүүдө.… Кененирээк…

Токтогулда суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты

Токтогулда суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты. Novosti.kgге “Электр станциялары” ишканасынан такташкандай, суунун агып келиши секундасына 887 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 304 куб метрге жетүүдө. Эске салсак, башкы резервуардагы суу акыркы жолу ушул жылдын 4-январында 10 миллиард куб метр деңгээлге жеткен.… Кененирээк…

Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алат

Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул тууралуу кечээ министрлик менен Германияда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген EDUVISO программасынын ортосундагы кызматташтык келишимге кол коюлду. Анын алкагында Кыргызстандын жарандарына «медайымдык иш» адистиги боюнча Германияда андан ары ишке орноштуруу менен… Кененирээк…